Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баш прокуратура Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын арызын кабыл алды

Экс депутаттын коргоочулары бул иште жаңы жагдайлардын пайда болгондугун тастыктады

Өмүрбек Текебаевдин актоочулары экс-депутаттын кылмыш ишин кайра кароо арызын Баш прокуротурага беришти. Бул тууралуу фейсбук социалдык тармагынан  "Конституциянын атасынын" таламын талашуучу юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Андан сырткары, коргоочу Текебаевдин иши боюнча ушунун негизинде жогорку көзөмөл органына кайрылып жатышкандыгын билдирип, фото арызды жарыя кылды.

Баш проркуратуранын пресс-кызматы Vesti.kg сайтына бул көрсөтүлгөн арыз кабыл алынгандыгын билдирди.

- Арыз келип түштү. Териштирүүнүн жыйынтыгында чечим кабыл алынат, - деп жооп берди КР БП.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси менен айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх