Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү казак олигархы Мухтар Аблязов биздин укук коргоочуларды мактады

«КДТ» оппозициялык париясынын лидери арыз жазууну көздөйт, анткени Мурат Тунгишбаевди Казакстанга экстрадициялаганы жатышат

Юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов Баш прокуратуранын жарандык активист Мурат Тунгишбаевди Казакстандын бийлигине өткөрүп берүү тууралуу чечими Кыргызстандын эл аралык милдеттерин бузат деп эсептейт.

«Тунгишбаевди Казакстан бийликти сынга алганы үчүн куугунтукка алып жатат, бирок Кыргызстанда бул нерсе менен көптөгөн эле жарандык активисттер алектенишет. Көз карандысыз мамлекеттин бир белгиси - бул өз өлкөсүндө тыюу салынбаган нерсе үчүн куугунтукталган  жаранды кайрып бербөө», - деп жазат ал өз баракчасында.

Өзүнүн соратниги кабылган кырдаал тууралуу «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык партиясынын лидери айтып берди.

- Мен бул тууралуу билем, - дейт ал  Vesti.kg  сайты менен болгон маегинде. - Бул туура, силердин укук коргоочулар туура позиция алышты. Мен өзүм бул тууралуу жакында арызданам . Андан сырткары жакында эл аралык реакция болот.

Мындан бир аз мурдараак «КДТ» партиясынын лидери  Vesti.kg сайтына анын соратнигинин Кыргыз бийлиги тарабынан камалгандыгы тууралуу эл аралык уюмдарга кайрылгандыгы тууралуу билдиргендигин эсиңиздерге салабыз.

«Кыргызстан Женева конвенциясында кол коюган качкындар статусун бузуп атат. Бул конвенция качкындарга кандайдыр бир дискриминация болушуна жол бербейт. Андан сырткары ал мамлекеттин коопсуздугу үчүн качкынды өлкөдөн чыгарууга жол берет, бирок аны качып кеткен өз өлкөсүнө кармап берүүгө жол бербейт. Ошондуктан бул конвенцияга ылайык Кыргыз бийлиги Тунгишбаевди саясий өңүттө камабашы керек. Андан да Казакстанга бербеши керек »,- деп айткан эле өткөн жолу.

УКМК кызматкерлери 10 - майда казак жараны Тунгишбаевди коңшу мамлекетте тыюу салынган «КДТ» партиясына байланышы бар деген шектенүү менен кармагандыгын белгилей кетели.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх