Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Президент ага кылмыш иши козголгонуна карабастан иштей бер деген"

Профсоюздун мүчөлөрү КПФ башчысы Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылышат. Бүгүн алар тынчтык митингине чыгышат

КПФдагы коррупцияга нааразы болгондор бүгүн өкмөт үйүнүн алдына чогулушат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Кыргызстан» санаториясынын мурдагы директору Венера Майминдиева билдирди.

- Төрага азыркы ордун жасалма документтердин жардамы менен ээледи, - дейт ал. - Экономикалык кылмыштар менен курөшүү  мамлекеттик кызматында муну алып чыгып жана 16-майда кылмыш ишин козгоду.
Майминдиеванын сөзү боюнча, Асанакуновдун алдамчылыгына профсоюздун мүчөлөрү тарабынан күбөлөр бар: ГСБЭПтин токтому, кылмыш иши козголгондугу тууралуу справка, эмгек китепчесинин жасалма копиясы жана Соцфонддун справкасы.

- Биз Мирбек Асанакуновдун отставкасын талап кылабыз. Ойлоп көрсөңөр, президент ага кылмыш иши козголсо да иштей бер дептир.

Ошондой эле, Майминдиеванын сөзү боюнча 24-апрелде кылмыш иши козголгон. Аны кайра себепсиз эле жаап коюшкан.

Ошондуктан бүгүн профсоюздун мүчөлөрү мугалимдер, врачтар жана башка бюджеттик кесиптегилер, ошондой эле пенсионерлер жана жумуштан бошотулган кызматкерлер Эски аянтка чогулабыз. ММК, коомчулук, өкмөт жана ЖК депутаттары бул коррупциялык башаламандыкка көңүл бурушсун. Венера Майминдиеванын болжолунда саат 13:00 өкмөт үйүнүн жанына 300 дөй киши чогулат.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх