Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат көчмөндөр оюндарын төрт жылда бир өткөрүүнү сунуштайт

Дастан Бекешев бул башка өлкөлөр үчүн да ашыкча иш болооруна беймаза болот. Туризм Департаментинен эмне деп жооп беришти?

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун төрт жылда бир өткөрүү керек, бул Кыргызстан үчүн гана чыгым болбостон,  буга катышчу өлкөлөр үчүн да ашыкча эле иш  деген оюн  Vesti.kg сайты менен Дастан Бекешев бөлүштү.

- Эгерде биз бул оюнду кадимки деңгээлде өткөрсөк, анда 4 жылда бир өткөрүүгө туура келет. 2020-жылы бизди парламенттик шайлоо күтүп турат, эгерде биз көчмөндөр оюнун да өткөрсөк анда бюджетке күч келип калат. Катышуучу өлкөлөр тарабынан да чыгым болот. Алар үчүн деле даярдыкка көбүрөөк убакыт болсо жакшы болот да. Өкмөт азыр бул маселени карап жатат. кандай чечим чыгаарын күтө туралы.
Өз кезегинде туризм Департаментинин директору Азамат Жаманкулов Vesti.kg сайты менен болгон маекте өкмөт оюнду башка мамлекетке өткөрүп берүү жагын карап жаткандыгын айтты.

- Башында эле айтылган, Кыргызстан бул оюнду ар кайсы өлкөдө өткөрөбүз деп сунуштаган. Азыр ушул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок башка мамлекеттерден официалдуу арыз келип түшкөн жок.
Ошондой эле Азамат Капарович көчмөндөр оюну - бул жаңы оюн экендигин, аны бат бат өткөрүү керек экендигин айтты.

- Азырынча бул иш чаранын бардык механизмдери иштелип чыга элек. Анын үстүнө көчмөндөр оюну үчүн  олимпиадага окшоп атайын спорт обьектилерин куруунун кереги жок. Аны оңой эле өткөрүүгө болот. Биз үч жолу өткөргөндөн кийин башка мамлекеттер алат го деп ойлойм.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх