Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун Казакстанда камоону улантышты

Камакка алынган кыргызстандык дагы эки айга камакта отурат

Казакстанда камакка алынган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун мөөнөтү дагы эки айга узарды. бул тууралуу Алматынын шаардык сотунун пресс-кызматы Tengrinews.kz сайтына билдирди.

Мурунку депутаттын дагы эки ай камакта болоору аныкталды. Андан сырткары дагы Кыргызстандын эки жараны Уланбек Мурадилов жана Эмилбек Көчөрбаевдердин да камакта болуусу 15-июлга чейин узартылды.

Алматыда февраль айынын аягында Дамирбек Асылбек уулу атайын операция учурунда кармалгандыгын эске салабыз.

Кармалгандарга Казакстан республикасынын кылмыш кодексинин 234-беренесинин 2п.3 бөлүгү жана 2 бөлүмү, ошондой эле 264 - берен менен кылмыш иши козгоп камакка алышкан.

Tengrinews.kz
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх