Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көчмөндөр оюнуна курулган ат майдандын тегерегинде жаңжал күчөп атат

УКМК кылмыш ишин козгоду. Курулушка кеткен чыгым 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго чейин жогорулатылып көрсөтүлгөн

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Эсептөө палатасы менен биргеликте Ысык-Көл областынын Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылында 2- Көчмөндөр оюунуна курулган ат майдандын курулушуна кеткен чыгымдарга текшерүү иштерин жүргүзүшөт.

Алдын ала чыгуучу жыйынтыктын маалыматтарына  караганда, курулуштун генералдык иш алуучусун аныктоодо көп сандаган КР мызамдарынын нормалары бузулган. Иш КР «Мамлекеттик сатып алуу» жана «Шаар куруу жана архитектура » жөнүндөгү мыйзамдары менен жүргүзүлгөн эмес.

Иш алуучу менен болгон келишим  мамлекеттик экспертизасыз жана долбоордук-сметалык документтерсиз түзүлгөн.
Жыйынтыгында курулушка кеткен чыгымдар 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго көбөйгөн. Ошондой эле курулуш иштеринин айрым  бөлүктөрүнүн көлөмү 10 миллион сомдон ашык жогорулатылган ( курулуш иштеринин баасынын калткуляциясы), ошентип 144 млн. сомдук каржылык отчёттун документтери жок.
Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экчпертизасына ылайык, асфалтбетон менен жол куруу курулушунда 31 млн. 398 миң сом коротулуп, бирок ал жолдордун сапаты начар, эксплуатация мөөнөтүнө жетпейт.
Ошондой эле талапка жооп бербеген 8 млн. 244 миң сомдук метал ферма долбоорундагы катачылыктар жана жетишпегендиктер чыкты.

Максатсыз пайдаланылган 9 млн. 737 миң сомдук чыгым өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салууга (сел) кеткен. Бул чыгым ӨКМ каралган беренелердин чыгымдоосу аркылуу берилип, андан ары иштер жүргүзүлүүгө тийиш эле.
Учурда аудиттин жыйынтыгына жана материалдардан юридикалык баасына жараша тийешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.

УКМК нын пресс-борбору
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх