Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баш прокуратура музейге деген "жыгач аттарды" текшерет

«Атамекенчилер» негизги көзөмөлдөө органына маданий мекеменин жаңжалдуу сатып алууларын текшерүүнү тапшырды

«Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Кыргызстандын Тарых музейиндеги кырдаалды текшерүүнү Баш прокуратурага тапшырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, бир айдан кийин Баш прокуратура официалдуу прокурордук реакциясын берет.

- Алардын жыйынтыгынан соң эмне кылуу керектиги билинет,- деди Шыкмаматов. Ошондой эле бул маселени изилдөөгө депутаттык комиссиянын зарылчылыгы барбы же жокпу аны да айтышат.

Өткөн жумада «атамекенчилер»Кыргызстандын  Мамлекеттик тарых музейине көчмө сессия кылгандыгын эсиңиздерге салабыз.
- Социалдык тармактарда жыгач атты 14 миң еврого сатып алган деген сметанын сүрөттөрү пайда болду, - деп билдирди Vesti.kg сайтына Шыкмаматов. - Андан сырткары да бардык пункттар боюнча баалар көтөрүлүп көрсөтүлгөн.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх