Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку сот эртең Садыр Жапаровду акташы мүмкүн

Экс-депутаттын жактоочусу эмнеге мындай болушу мүмкүн экендигин түшүндүрдү

Бул маалымат туурасында Vesti.kg сайтына экс-депутаттын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын сөзү боюнча, айыпталуучуга карата алардын бир да далили калган жок.

- Биз тийешелүү арыздарды жаздык, - дейт жактоочу.  Бул иштин күбөлөрү аларга органдар күч колдонуп Жапаровго каршы көрсөтмө алышкандыктарын коомчулукка жарыя кылышты. Негизги жабырлануучу - мурунку Ысык-Көл областынын өкмөттүк ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев көзөмөл органдарына Жапаровго доом жок деген арызын берди. Кыскасы айыптоочу тараптын бир да далили калган жок. Ошондуктан сот эртең Жапаровду акташы керек.

Ошону менен бирге, юрист эгерде сотторго болгон басым улантылса Садыр Жапаров акталбайт деген божомолун айтат.
- Эгерде баары мыйзам боюнча болсо, анда мындан башкача чечим чыгышы мүмкүн да эмес, - дейт Токтосунов. Буйрутма боюнча иш аткарышса, анда иш башка.

жогорку сот экс-депутат Садыр Жапаровдун КР КК «Адам өмүрүнө коркунуч келтирүү», «Барымтага алуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча күнөөлөнгөн ишин эртең карай тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Мындан мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Аны 2013-жылы өкмөттүн Ысык-Көл областтык ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алды деп күнөөлөгөн.

Анткени менен Эмилбек Каптагаев өзү арыз жазып, Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденген жок деген.

- Сотто далилдөөчү база болушу керек. Эгер ал жок болсо, демек Садыр Жапаров акталышы керек, - дейт ал өзүнүн интервьюларынын биринде.
 
2017-жылдын 15-сентябрында Бишкектин шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган болчу.
Учурда экс-депутат Молдовановка айылындагы №1 колонияда жатат.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх