Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков дайыма КТРКны сындап жүргөн кишини орун басар кылып алды

Телеканалдын башкы директору эмне үчүн Шайырбек Абдрахмандын талапкерлигине токтолгондугун түшүндүрдү

ЭлТР телеканалынын экс башчысы Шайырбек Абдрахманов КТРКнын башчысынын орун басары милдетине дайындалды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына коомдук телерадиокорпорациясынын башчысы Илим Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында жаңы орун басар радиоберүү тармагын колго алат.

- Ал кызматы такталгыча убактылуу милдетти аткарат.

КТРК нын байкоочу кеңеши биринчи отурумда анын дайындалуусун карайт- деп тактады Карыпбеков.

Ошондой эле ал тандоо эмне үчүн Карыпбековго келип токтогондугун түшүндүрдү.

- Мен дароо эле айта кетейин, бул менин гана тандоом болду , - деди Илим Майрамбекович. Жогорку жактан эч кандай көрсөтмө алганым жок.

Шайырбек Абдрахманов Кыргызстанга белгилүү журналист. Анын чоң тажрыйбасы бар, ал  ЭлТР каналында иштеп жатып жакшы жактарын көрсөтө алды. Анан эң негизгиси КТРКны байма бай сындап турду. Ошондуктан анын дайындалуусу  биздин телерадиокомпания үчүн пайда болот.

Бакыт Стамов
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх