Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков УКМКдагы сурактын алдында: Мен өлкөдөн качып кетпейм!

Экс-премьер-министр мыйзам алдында таза экендигине жана коррупцияга аралашпагандыгына ишенет

Кандайдыр бир саясий күчтөр мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевди соцтармактарда активдүү каралап жатышат. Мындай оюн Сапар Исаков УКМКга  сурак бергени кирип бара жатып журналисттерге айтты.

«Жакында соцтармактарда  мени качып кетиптир, анан Новосибирскиден кармап келишиптир  деп жазышты. Мен Кыргызстандан эч жакка качпайм ! Мен Кыргызстанды сүйөм жана менин корко турган эч нерсем жок, мен таза иштегем жана коррупцияга аралашкан эмесмин», - деп билдирди мурунку өкмөт башчы.

Андан сырткары Исаков Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу тууралуу журналисттерге айтып берди.

Бул курулуш обьектисине бөлүнгөн каражаттын көбүн Алмазбек Атамбаев грант катары берген.  

«Биз туура кылганбыз деп ойлойм!  Дагы каржы булактарын карап көрүш керек. Көпчүлүгүн грант катары экс-президент Алмазбек Атамбаев алып келген. Бизге биздин өлкөнү даңазалоо үчүн аянт керек болгон. Ат майдан бардык дүйнөлүк стандартка жооп берет», - деп белгиледи ал.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх