Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин Кыргызстандын аскери жакшырып калды дегени туурабы?

Акыркы жылдары аскер кызматкерлерине болгон мамиле чыны менен эле жакшы жагына оогондугун аскердик эксперттер моюнга алды

Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн күнүндөгү куттуктоосунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди

Анын сөзү боюнча, жылдан жылга аскер кызматкерлеринин социалдык - тиричилик шарттары жакшырып баратат.

Ал ортодо Vesti.kg сайты саясатчы жана аскердик эксперт Токтогул Какчекеевге кайрылып Кыргызстандын аскери чындап эле техникалык планда чыңалып баратабы деген суроо узатты.    

- Президент өзүнүн Москвага болгон визитинде КР аскер күчтөрун чыңдап жана кеңейтип жаткандыгын айтты. Мен  чындап эле биздин өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү артып бараткандыгы менен макулмун, салыштырмалуу аскерге болгон мамиле жакшырууда, - дейт ал.

Ошону менен эле бирге Какчекеев Россия Федерациясы Кыргызстанга 2 учак алып келгендигин кошумчалады.

Ошол эле убакта Абдыгул Чотбаев Vesti.kg сайтына берген маегинде бийликке келген ар бир адам аскерге көңүл бурушу керек экендигин айтты.

- Бул канткен менен мамлекеттин эң негизги коргонуусу да ! - деп кыска жооп берди ал.

Бегимай Алмазова
Алина Ыйманкулова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх