Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаров жаңы прокурорго жакшы эмес идеяны айтып коюшкан деп эсептейт

Мурунку баш прокурор депутаттардын жаш кызматкерлерди аймактарга жөнөтүү сунушун колдогон жок

Баш прокуратуранын жаңы кызматкерлери адегенде аймактарда иштеп тажрыйба жыйнаган соң, анан кийин борбордук аппаратка которулушу керек. Мындай ойду Жогроку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы иш аракеттер боюнча Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

- Жаңы кызматкерлер конкурстан өтүп эле дароо борбордук аппаратка келишет, - дейт депутат. - Аларды аймактарга тажрыйба топтоого жөнөтүү керек. Балким борбордук аппаратка аймактарда бир канча жыл иштегендер келүүсү үчүн жагдай түзүп беришибиз керектир.

Өз кезегинде экс- баш прокурор Азимбек Бекназаров Vesti.kg сайтына кайрылып депутаттын оюна макул эмес экендигин билдирген комментарий берди.

Анын сөзү боюнча прокуратурада кызматкерлерди ротациялоо 5 жылда бир жүргузүлөт.

- Мурда 4 же 5 жылда бирден кызматкерлерди ротация кылчу, ошондуктан мен мындай норманы зарыл деп эсептебейм, - дейт Азимбек Анаркулович. - Мунун башка жагы да бар, аларды жатакана менен камсыз кыла алабы. Андан сырткары региондордо аз айлыкка иштешет, ошондуктан ал жакта эч ким иштегиси келбейт.
 
Акырында баш прокурор көзөмөлдөө органынын кызматкерлерин кай жерде бош орун болсо ала берүү керектигин айтты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх