Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков официалдуу түрдө күнөөлүү деп табылды

Мурунку премьер коррупция боюнча айыпталууда. Сапар Исаков учурда болуп жаткандарды «башаламандык» деп атады

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков УКМКдан сурак берип чыкты.

Бүгүн ал Бишкек ЖЭБди реконстукциялоо иши боюнча үчүнчү жолу сурак берип чыкты.

Мурунку чиновникти суракка алуу саат 14:00 башталып 20:30 бүттү.

Ал арада УКМКнын пресс-кызматы Сапар Исаковго коррупция боюнча официалдуу түрдө күнөө тагылгандыгын кабарлады.

- Иликтенген кылмыш ишинин алкагында, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча Сапар Исаковго КР КК 303 беренесинин 1 бөлүгү (Коррупция) менен айыпталып, өлкөдөн чыгып кетпөө баш коргоо чарасы көрүлдү,- деп билдиришти мекемеден.

Сапар Исаковдун өзү болсо бул козголгон  кылмыш ишти журналисттерге берген комментарийинде башаламандык деп атады.

Ошону менен бирге эле УКМК  Сапар Исаков 2013-жылы  президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын тобу менен бирге алдын ала уюшулган иш аракеттеринин аркасында чет элдик компаниялардын коргоп конкурстан өткөрүп жибергендигин билдирет.. Ошонун аркасында мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирилген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх