Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Соттор - бул жазганды окуганды жөндөп билбеген капчыктуу адамдар»

Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүн жок кылууну сунушташты, анткени ал коррупциянын жана «телефондук укуктун» булагы экен

Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүн жоюу керек. Бул туурасында Vesti.kg сайтына мурдагы президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева билдирди.

Анын айтымында президенттин аппаратында реформаторлук менен алектенген бөлүмдүн болуусу  мыйзамда жазылган эмес.

- Кайсы конституциялык нормада ушундай реформаторлук жазылыптыр ? - деп сурайт мурунку президенттикке талапкер.  - Бул бөлүмдун статусу өтө кеңири жана түшүнүксүз. Бирок эми биз билип калдык ал бөлүм коррупциянын жана телефондук укуктун булагы экендигин. Аны жоюу керек.

Андан сырткары, Үмөталиева сотторду тандоо Кеңешинин ишине нааразы.

- Сотторду тандоо Кеңеши партиялык түзүлүштүн институту болуп кала берет жана бул жакка мурда соттолгон адамдардын кирип алган учурлары да болгон. Сот иши өтө кылдаттыкты жана абийирдүүлүктү талап кылган иш. Бул тармакта тажрыйбасы жок адамдар аталган Кенештин жардамы менен өтүп кетишет. Мисалы, мурунку практикалык тажрыйбасы жок, юридикалык факултеттин мугалимдери сот болуп алышат. Жакшы тажрыйбаларды аз гана айлыкка иштеген соттук катчылар топтошот. Бул адамдарга соттук тандоодо жеңилдиктер болушу керек. Илимий институттарда элдер лаборанттан көтөрүлгөндө биз    ундөбөйбүз го. Сотко көбүнчө капчыктуу адамдар келишет. Алар  процессуалдык нормаларды билбегени аз келгенсип, окушту да , жазышты да билишпейт. Элестеткиле, жакында соттордун бирөө мага чалып, эгерде мен тартип комиссиясына ага карата арыз жазбасам, ал мага жакшы чечим чыгарып берээрин айтты. Ушулар биздин соттор имиш. Бул акылга сыйбаган нерсе.

Кечээ президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүн Санжар Исабаев жетектей баштады. Мурунку башчы Манас Арабаев 15- майда «саясий жетекчиликтин ишениминен чыккандыгы үчүн» кызматынан бошотулган.

Бакыт Стамов
фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх