Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баш прокурор эмнеге Камчы Көлбаев түрмөдө отурбагандыгын түшүндүрдү

Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берет

Баш прокуратура күлкүң келе турган иштерди козгойт. Мисалы, Дүйшөнбек Зилалиевдин катылган бомба тууралуу билдирүүсү. Дастан Бекешев ушундай деген ойлорун парламенттин отурумунда айтты.

- Дүйшөнбек Зилалиевге бир күбөнүн көрсөтмөсү боюнча кылмыш ишин козгоп коюшту. Эмнеге прокуратура бардык документтерди сотко берип жиберди ? - деп сурады депутат баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдон. - Демек ар бир эле жаранды кимдир бирөөнүн арызы боюнча камай берсе болот экен да анда.

Өз кезегинде Жамшитов  Зилалиевдин күнөөсүн сот аныкташы керек экендигин айтты.

Андан ары Дастан Бекешев Баш прокуратура уюшкан кылмыштуу топ менен кантип күрөшүп жаткандыгын сурады.

- Айтыңызчы, Камчы Көлбаев  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү ? - Эгерде мүчөсү болсо эмнеге аны ушул убакка чейин түрмөгө отургузбайсыңар ? Эмнеге Батукаевди чет өлкөгө чыгарып жибергендерди жазалабайсыңар ?

Баш прокурор депутатка уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү мекеменин күнүмдүк иши экендигин билдирди.

- 2005-жылы ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун автоматташтырылган базасын түзгөн. Азыркы күндө Кыргызстанда беш уюшкан кылмыштуу топ бар. Аларда 900 чакты адам катталуу. Өткөн жылы 242 мүчөлөрүн кармаганбыз, алардын үчөө өз топторунда жогорку кызматта болгон. ИИМдин маалыматы боюнча Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, бирок ал кылмыш кылмайынча камай албайбыз.

Ал эми Батукаев болсо Чечен Республикасында жазасын өтөп жаткандыгын билдирди.

- Батукаев ал жердеги мөөнөтүн өтөп бүтмөйүнчө биз аны экстрадициялай албайбыз, - деди ал. - Ошондой эле аны коё берген адамды да жоопко тарта албайбыз, анткени кылмыш ишин аны тергеп бүткөн соң гана козгоого мүмкүн.

Бүгүнкү парламенттин отурумунда баш прокурордун 2017- жыл үчүн отчётун угушту.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх