Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат өзүнүн мурунку кесиптеши Канжар Кадыралиевди прокурорлор коргоп жатканына нааразы

Көзөмөл органынын башчысы бул маалыматты тешерүүгө убада берди

Прокуратура кызматкерлери Канжар Кадыралиевге жактоочу болуп алышты. Бул тууралуу парламент отурумунда Сагындык Келдибаев билдирди.

- Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголуп, сотко чейин жеткен, - деп билдирет депутат.

Шаардык соттун отурумунда прокуратуранын балдары чуркап, ага жардам беришип жана тергөөнүн алдын алышкан. Шаардык сот чечим чыгарды. Бирок Кадыралиевдин адвокаттары өзү иштеген тармактагылар. Баш прокуратура муну кандай кылат ?

Баш прокурор Өткурбек Жамшитов Келдибаевдин маалыматын текшеребиз жана кимдин чуркагандыгын билебиз деп жооп берди.
Бүгүн парламент отурумунда депутаттар баш прокурордун 2017-жыл үчүн берген отчётун уккандыгын эсиңиздерге салабыз.

2014-жылы Ош прокуратурасынын ошол кездеги кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн бир нече жарандар укук коргоо органына арыз менен кайрылышкан эле. Баш прокуратура «Бейбаштык», «Коркутуп талап кылуу», жана «Өзүм билемдик» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

Вероника Малышева
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх