Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окумуштуулар Тарых музейине сатылып алынган көрсөтмөлөрдүн сметасына тийешебиз жок дешет

КР УИА археология бөлүмүнүн башчысы бул жаңжалдуу көрсөтмөлөр кантип такталгандыгын айтып берди

Илимдер Академиясынын илимий кызматкерлери Кыргызстандын тарых музейине сатылып алынган нерселердин сметасына тийешелери жок экендиктерин билдиришти. Бул туурасында Vesti.kg сайтына тарых илимдеринин кандидаты жана КР УИА маданий байлыктар жана Тарых институтунун археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева билдирди.

Анын сөзү боюнча илимий институт толук курамы менен бул көрсөтмөлөрдү тактады.

- Музейдин кызматкерлери бул көрсөтмөлөрдү жасашты, а биз институт боюнча анын канчалык деңгээлде тарыхый чындыкка дал келээрин карап турдук, - дейт Кадича Ташбаева. - Биз муну өз каалообуз менен жасаганыбыз жок. Бизге ушундай тапшырма болгон. Анын үстүнө биз бир тыйын да акы алганыбыз жок жана сатып алгандарына тийешебиз да жок. Ал жерде эмне тууралуу сөз болуп жатканын да баасын да билбейм чынын айтсам. Бизге берилген тапшырма бардык көрсөтмөлөрдү карап чыгуу жана аларды кагазга жазуу болгон. Ар бир бөлүм өзүнө тийешелүү көрсөтмөнү карап чыгууга тийиш болгон. Биздин бөлүм археологиялык табылгалар менен алектенет. Мисалы, көптөгөн көрсөтмөлөр туура эмес коюлган. Андан сырткары жазуулары да туура эмес жазылган, бир доорго тийешелүү нерсе башка доорго коюлуп калган. Ошондой болсо да музейдин кызматкерлери биздин эскертүүлөрүбүздү уккулары келген эмес. Биз баары бир унутпайбыз да кээ бир нерселер музейден жоголуп кеткен. Эсиңердеби баалуу тарыхый экспонаттар музейден жоголуп кеткен. Биз билебиз мунун аркасында кимдер туруп, муну менен жашап жаткандыгын. Кимдир бирөө акырын уурдап, антиквадык дүкөнгө сатып жиберген. Кылмыш ишин козгоп кайра жаап коюшкан, эгерде чыгынышса тапмак.

Тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков «Марал» радиосуна берген маегинде көрсөтмөлөрдү орнотууда КР УИА кызматкерлерикатышкандыгын айткан эле.

- Долбоорго КР УИА кызматкерлери Кадича Ташбаева, Кыяз Молдокасымов, Нарынбек Алымкулов жана башкалар. Бүгүнкү көрсөтмөлөр ушул адамдар менен макулдашылды деп айткан эле музейдин башчысы.

Жаңжал «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарынын 25-майда Кыргызстандын  Мамлекеттик тарых музейине болгон көчмө сессиясы болгондон кийин күч алды. Мурдараак  соцтармактарда тарых музейине деп сатылып алынган  көрсөтмөлөрдүн сметасынын сүрөтү чыккан эле. Анда жыгач аттардын баасы 14 миң евро, ал эми гардероб үчүн деп алынган мебель 142 миң еврого түшкөндүгү маалымдалган.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх