Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баш прокурордун отчётун канааттандыраарлык дешкен жок, бирок көңүлгө алып коюшту

Парламентте баш прокуратура бардык саясий мотивде козголгон иштерди текшерүүсүн сурашты

Депутат Мыктыбек Абдылдаев кесиптештерине баш прокурордун былтыркы жыл боюнча отчётун кабыл алууга, бирок канаттандыралык деп эсептебөөгө чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин отурумунда айтты.

- Мурдараак биз башпрокурордун отчётун канааттандыраарлык эмес деп кабыл алганбыз, президенттин сунушу менен Индира Жолдубаеваны иштен алууга макулдугубузду бергенбиз. Ошондуктан бул отчётту биз жөн гана көңүлгө алып коёлу.

Өз кезегинде депутат Каныбек Иманалиев башпрокурорго саясий өңүттө козголгон кылмыш иштеринин канчалык мыйзамдуу экендигин көзөмөлдөөнү тапшырууну сунуштады

Жыйынтыгында депутаттар баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун көңүлгө алышты. Чечим бир добуштан кабыл алынды.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх