Мурдагы экономика министрин УКМК Бишкек ЖЭБ иши боюнча чакырды
Арзыбек Кожошев чекисттер ага кандай суроо беришкендерин айтып берди
Мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев УКМКга Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо иши боюнча чакырылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Арзыбек Кожошевдин өзү билдирди.
Анын сөзү боюнча улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин аны чакыруусуна бул ишке аралашкан каржы Министрлигинин каты себеп болгон.
- Мен ал убакта каржы министринин орун басары катары TBEA кытай компаниясы менен келишим боюнча эскертүү берген катка кол койгонмун, - дейт Кожошев. - УКМКда болсо ушуну тактап коюуну сурашты, бул болгону процедуралык суроо.
Андан сырткары мурунку каржы министринин орун басары каттын мааниси тууралуу бир нече сөз айтты.
- Негизинен биздин кат техникалык мүнөздө болгон. Бизди карыздын өзү жана пайызы жазылган пункттар канааттандырган жок. Бардык ушул пункттар боюнча биз кененирээк түшүндүрүп берүүлөрүн сурандык, эгерде керек болсо аны да карап көрсөңөр болот. Ошондой эле кредитти жоюуга тийиштүү пункттарын да карап кайра кароону сурандык. Мени баарынан да талаш маселе жаралганда Гонконгдун соту чечет деген жери такыр канааттандырган жок. Бул эмне дегендик ? Кытайлар өздөрү бизге кредит берип, өздөрү куруп, бир нерсе болсо өздөрү соттошобу ? Жалпы жонунан биз ушул эскертүүлөрдү өкмөткө жөнөттүк.
Аягында мурунку экономика министри Кыргызстандын Кытайга болгон карызы коркунучтуу абалга жетти деп билдирди.
- Мен адис катары кредитти ар тараптуу донорлордон алууну сунуштайт элем. Мисалы ДВФ, Дүйнөлүк банк же Европа өнүктүрүү банкынан, - дейт Арзыбек Орозбекович. - Кредит алган мамлекеттер менен соттошуу жакшылыкка алып келбейт. Мисалга ошол эле Кытай көп мамлекеттерге кредит берет. Алсак Шри - Ланка . Кредитти төккөнгө келгенде каражат таба албай калган. Кытай болсо алардын деңиз портун көп жылдарга арендага берүүнү сураган, айла жок беришкен. Андан сырткары ушундай эле окуяны Тажикстандан көрүүгө болот, алар кредиттин айынан Тоолуу Бадахшан аймагын берүүгө аргасыз болушкан. Донор өлкөлөр карызын ушундай жолдор менен өндүрүп алышат. Бул бизге сабак болушу керек. Биздин карыздын 41 % кытайдыкы ээлейт. Бул өтө коркунучтуу өткөөл мезгил. Биз эми карыз алаарда акыры эмне болоорун ойлонушубуз керек.
Бакыт Стамов
фото www