Эл аралык авиакомпаниялар кыргызстандыктарга экинчи катардагы адамдардай мамиле кылышат
- жолу 524 кароо
Депутат жол жана транспорт Министрлигинен бул кырдаалды оңдоосун талап кылат
Авиакиречилер кыргызстандыктарга экинчи катардагы адамдардай мамиле кылышат. Бул тууралуу Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.
- Авиакиречилер жүргүнчүлөргө тоготпогон мамиле кылышат: кааласаң уч, каалабасаң учпа. Эгерде сапар кечиктирилсе, кааласаң күт, каалабасаң жок. Мындай болбош керек да , - деп нааразы болду депутат.
Эл өкүлүнүн сөзү боюнча транспорт жана жол Министрлиги авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кырдаалды жөнгө салуусу керек.
- Эл аралык авиасапарларда болсо айрыкча тил билбегендерге таптакыр эле экинчи катардагы адамдардай мамиле кылышат. Эгерде министрлер бизнес-класс менен учушса анда мындай учурду көрө алышпайт, бул алардын иш билги эместиги.
Зулайка Эркимбаева
Фото www