Кызматтык кат калкып чыкты. Айбек Калиев Осмонбек Артыкбаев менен беттештирүүнү талап кылып жатат
Мындай өтүнүч менен Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысынын жактоочусу кайрылды
Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысынын жактоочусу Бактыбек Жумашев анын коргогон адамы менен өнөр жай жана энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ортосундагы беттешүүнү кылып берүү тууралуу өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Жактоочунун айтымында, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун иштеп чыккан жана ишке ашырган демилгечи Осмонбек Артыкбаев экендигин тастыктаган документтер пайда болгон. Күбө катары бир нече фактыларды келтирет.
Жактоочу президент Атамбаевден ЖЭБди модернизациялоо маселеси тууралуу көрсөтмөнү так ушул энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин алгандыгын айтат. Муну кызматтык кат далилдеп берет.
«Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана энергетика Министрлиги 28 - май 2013 -жылы бул маселе тууралуу отурум өткөргөн. Отурумдун протоколунда көрсөтүлгөндөй, ал отурумга Артыкбаев жеке өзү башчылык кылган, буга анын койгон колу күбө. Мындай учурда Калиев ал отурумга катышуучу гана болуп калат», - деп ал биринчи далилин келтирет.
Бул отурумдан соң ал Атамбаевге 2013-жылы 30- майда Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо боюнча 4 компаниянын сунушу каралды деп кызматтык катында баяндама берет. Ошол каралган компаниялардын ичинен бирден бир куруучу катары ТВЕА компаниясын кабыл алган чечим тууралуу да баяндалат.
Жумашев дагы бир далил катары 2013-жылы 5-июльда Министр Артыкбаев ТВЕА компаниясынын делегациясы менен болгон жоолугушууда КР өнөр жай жана энергетика Министрлиги тарабынан делегация башчысы болгон.
Так ушул Артыкбаев биз тараптан болгон суроо, талаптарга багыт берип турган. Калиев да министрдин орун басары катары жоолугушууда болгон, бирок анын тийгизген таасири чектелүү гана болгон. Буга ошол жоолугушуунун Артыкбаев кол койгон протоколу күбө болот.
2013-жылы 11-июлда мекемелер аралык комиссия министр Артыкбаевдин колу коюлган чечим чыгарат. Ал чечимде «Электр станциялары » ААК менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору тууралуу келишимге уруксат берилген. 6-сентябрда министр Артыкбаев өзүнүн кызматтык катында биринчи вице-премьер -министр Жоомарт Оторбаевден бул сунушталган долбоор боюнча кызматташууну суранат, - деп улантат ал.
Жумашевдин ою боюнча, жогоруда айтылгандардан улам Бишкек ЖЭБ боюнча келишимдин процедураларын КР энергетика жана өнөр жай министри Артыкбаевдин жеке жүргүзгөндүгүн көрүүгө болот. Ошондой эле бул процесске жеке башчылык кылып жана бул долбоорду Жогорку Кеңеште коргогон.
Мени бир нерсе таң калтырат. Бардык жерде Артыкбаевдин колу турат да, ал эми жоопкерчиликке Калиевдин тартылып жатат. Бардык документтерге кол коюп, бул маселени чечүүдө Калиевди жакын да жолотуп койбогон адам акыр аягында кантип күбө гана болуп калат ?,- деп таң калат Айбек Калиевдин жактоочусу.
Ал эми мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Vesti.kg сайтына кийинчерээк Айбек Калиевдин жактоочусунун сөзүнө комментарий берээрин билдирди.
«Улуттук энергохолдинг компаниясынын» мурдагы башчысы Айбек Калиев коррупция боюнча расмий айыпталып жана камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы көрүлгөн.
Бакыт Стамов
фото www