Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумакадыровдун өлүмүн алдын ала айткан айтымчы, эми Жээнбековго жан сакчыларын алмаштырууну кеңеш кылат

Света Тойгонбаева президенттин душмандары, анын Алмазбек Атамбаев менен болгон достугу, Сапар Исаковдун келечеги, спикерге каршы кутум жана башкалар тууралуу айтат

Көзү ачыктык кылуу жана төлгө салууга ар кандай мамиле кылса болот. Кимдир бирөөлөр олуттуу кабыл алса, башкалары мындай нерселерге теңсинбей мамиле кылышы мүмкүн.
Бирок иш жүзундө белгилүү болгондой кээ бир «көзү ачыктар» бул жолкусунда коомчулукту өзүнүн жөндөмү менен бир силкинтти.

Ошолордун ичинен шыгы жана жөндөмү артыкча болгон , мурда ММК беттеринде бир канча алдын ала айткандары жазылган Света Тойгонбаева. Мунун жаңылбагандыгын моюнга алуу керек.

2017-жылы ошондогу президент Алмазбек Атамбаевдин душмандарынын көбөйүшүн алдын ала айткан. Анын айланасындагы пикирлештери өзүнө маселе жаратаарын айткан. Бабановго шайлоо алдында өтө ылдыйкы жыйынтыкты айткан. Мурдагы премьер Сапар Исаковдун бийликте көпкө туралбастыгын, себеби ал кыянаттык менен кызмат ордунан пайдаланып жаткандыгын айткан эле. Бирок баарынан да анын көрөгөчтүгү биринчи вице-премьер - министр Темир Жумакадыровдун өлүмүн алдын ала айткандыгында болду.

Төлгөсү төп келген, алдын ала айткандары көптөрдү ойго салган төлгөчү Света Тойгонбаеваны кепке тартып,  ага түшкөн аяндар тууралуу сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

- Света айым, жакынкы күндөрү өлкөбүздө кандай жаңылыктар болот?

 -Орозонун улуу күнүндө эл ынтымакка, биримдикке келиши керек деген аян түшүп жатат. Ошондой эле  таарынышкандар бири-бирин кечиришиши керек. Антпесе, нааразычылыктан жыйылган кара энергия Кыргызстанды солк этчү окуяларга кептеп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн эл жабылып, түлөө берип, кудайдан бөөдө кырсыктан, тилсиз жоолордон сакта деп суранышыбыз керек. Антпесек,  Кыргызстандын эки жеринде табигый кырсык болуп, катуу сел жүрүп, малдар кырылып, эл жапа чегет деген аян түшүп жатат. Ошондой эле быйылкы жылы мөмө жемиштер жылдагыдан кеч болуп, кымбатчылык болот деген аян келди.

- Кылмыш иши козголгондор жана камактагылар тууралуу эмне дейт элеңиз?

Жакында беш киши камалып, үч киши камактан чыгат. Камактан чыккандарды эл кучагын жайып тосуп алат. Анткени, эл ак жеринен камалып, саясый куугунтукка кабылгандарды чыгарат, ырайым кылат деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Президент саясый куугунтуктарды ирети менен камактан чыгарса, эл ичинде кадыр-баркы көтөрүлүп, зоболосу бийиктейт.  Кечиктирсе, тымызын тоскоолдуктарга кабылып, элдин назарына калат. Мага түшкөн аян боюнча азырынча үчөөнү эркиндикке чыгарат.
Кимдер камалат деп турсаңар буга чейин майлуу-сүттүү кызматтарда иштеген чиновниктердин  үчөө камалат. Алардын катарын 2 депутат толуктайт.  Коррупция менен болгон күрөштүн чабуулуна эми депутаттар туш болот.

- Света айым, Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?

-Сооронбай Жээнбеков эки жолду тандап. Ошону менен ишимди илгерилетем, тарыхта калчу иштерди жасайм деп кыялданып жатат. Бирок, оюу жакшы болгону менен  өзүнө сак болбосо, күтүлбөгөн жагдайларга кептелип калат. Өкүнүчтүүсү ал тандаган эки жолдун бири Кыргызстан үчүн жакшылыкка жол ачса, экинчиси ал күтпөгөн жагымсыз жагдайлар менен коштолот. Сооронбай Жээнбеков эгер ишимден майнап чыгарам дей турган болсо, күзөтүнөн бери алмаштырып, өзүнө кара санаган кадрлардан арылып, кара дубасын жандырышы керек. Болбосо, кенебестиктин кесепетин тартып калат. Ага бир эмес, эки чоң саясатчы тузак уюштуруп, эл алдында аброюн жок кылууну максат кылып жатышат. Алар  ага сокку уруу үчүн, кырдаалды кыйындатуунун жолдорун издеп, тымызын даярдыктарды көрө баштады.

- Жээнбеков менен Атамбаевдин мындан аркы   достугу тууралуу эмнени айта аласыз?

Алмазбек Атамбаев азыр Сооронбай Жээнбеков менен тил табышам деп катуу аракет кылып жатат. Бирок, анын ал аракетинен жарытылуу деле жыйынтык чыкпайт. Атамбаевдин  кечиришели, элдешели деген салам-дубайына Сооронбай Жээнбеков кабыл алмак турсун маани да бербейт.  Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен элдешүүдөн мурун ден соолугуна кам көрүшү керек. Ден соолугуна кам көрбөсө, азабын ченебей тартып калат.  
Баса, Атамбаев камалсын, кол тийбестиги алынсын деген ойдогулар көп болгону менен Мен Атамбаевди темир тор артында көргөн жокмун. Сооронбай Жээнбеков аны менен элдешпесе дагы аны  камабайт.


- Света айым, Сапар Исаковдун мындан аркы тагдыры кандай болот?

-Сапар Исаковго кылмыш иши козголгону менен ал камалбай калуунун жолун издеп, маанилүү кызматтагы бир адамды ортого салып,   кутулуунун жолун издеп жатат. Исаковдун камалышын күткөндөр  болгону менен ал 7 кабаттагы кишинин жардамы менен камалбай калат. Мамлекетке келтирген чыгымдарды төлөп, убакытты өткөрүп, Кыргызстандан чыгып кетет.

- Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдор тууралуу эмне демекчисиз?

- Кубанычбек Кулматов буга чейин эрке талтаң болуп, бир кызматтан экинчи кызматка секирик жасап, болушунча эркеледи. Эми мурда кийин жасаган иштеринин баарына жооп берет. Керек болсо, темир тор артына да камалат.
 
   Албек Ибраимов мен иштин кишисимин иштей берем,  кызматымдан кетпейм дегени менен ал ишке ашырган коррупциялык схеманын баары ачыкка чыгып иштен кетмек турсун, темир тор артына да барып калышы ыктымал.

- Шадиев тууралуучу?

- Аскарбек Шадиевге үч имарат таандык болуп жатат. Ал келсе эле камайбыз деп шымаланышканы менен ага азырынча Кыргызстанга жол жок. Коркоктугунун айынан бир илдетке кабылыптыр. Ошол дарттан сакайам деп жарылагнып жатат.

- Туйгунаалы Абдраимов тууралуу эмнелерди айтасыз?

- Туйгуналы Абдраимов азыркы кызматын да иштеп турганын эле көрүп жатам. Бирок, бул кишинин жолу ачык. Буюрса,  убакыттын өтүшү менен жогорку кызматтардын бирине келет.

- Света айым, мурунку баш прокурор жана экс-депутат Аида Салянова тууралуу эмне деп айтасыз?

Ден соолугун карап, өзүнө сак болушу керек. Болбосо, анын душмандары чачынан көп. Душмандары өч алуу үчүн ыңгайлуу мезгилди күтүп жатышат. Салянова жолун ачтырып, мазарларга сыйынып, кыйын мезгилде ага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, орозонун күнүндө батасын албаса,  тагдыры аянычтуу болуп калышы мүмкүн. Себеби, ага кол салуунун болжогондор бар.

- Мелис турганбаевчи?

Мелис Турганбаев жолу ачылып, аурасы  тазаланып калыптыр. Өзү сунушталчу кызматты күтүп жатат. Буюрса, жакында өзү күткөн кызматтардын бирине барат.

- Света айым, акыркы суроом болсун, спикер Дастан Жумабековду кандай тагдыр күтуп турат?

Спикер Дастан Жумабековдун ордуна көз арткандар пайда боло баштаптыр. Дастан Жумабеков өзүнө сак болбосо, саясый  интригалардын курмандыгы болуп калышы ыктымал. Анткени, кесиптештеринин арасында эле анын ордуна көз артып, аны спикерликтен түшүрсөм дегендер пайда болуп жатат.

Чынайым Кутманалиева
Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх