Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмиянов дагы эле Кыргызстанга кайтып келе элек

Коомчулукка кеңири жайылган маалымат тууралуу КСДП түшүндүрмө берди

Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Мекеге болгон ажылык сапардан кайтып келе элек. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, ММКлардагы Илмияновдун Кыргызстанга кайтып келгендиги тууралуу маалыматтар чындыкка коошпойт.

Мындан мурдараак КСДП дан президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Мекеге кетти деп  Vesti.kg билдиришкен эле. Ал эми анын коррупциялык иштери үчүн качып кетти деген сөздөр болбогон кеп экендигин айтышкандыгын эсиңиздерге салабыз.

- Икрамжан Илмиянов азыр кичи ажылык сапарда (Умра) , - деп билдиришкен эле мурдараак КСДПдан. - ММКлар бул нерседен эмнеге чуулгандуу окуя жаратып атышкандарын түшүнбөйм. Киши соопчулук иш кылып жүрсө, аны болсо бул жактан каралап жатышат.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх