Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандагы этноолимпиада - бул биздин Көчмөндөр оюнуна коюлган чекитпи?

Туризм Департаментинин мурдагы башчысы мурунку бийликтин саясий чечимдери Көчмөндөр оюнунун тагдырына балта чапты дейт. Бирок башка да пикирлер бар

Казакстан өткөргөнү жаткан Этноолимпиада биздин Дүйнөлүк көчмөндөр оюнубузга атаандаш болуп калышы мүмкүн. Мындай деп болжоого толук негиз бар, анткени казактар бул долбоорго акчаны аябай, өтө эле масштабдуу кылышы мүмкүн. Коңшу мамлекеттин каржылык потенциалы да биздикинен алда канча жогору. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына туризм Департаментинин мурдагы директору Максат Чакиев билдирди.

- Казакстан ЮНЕСКО менен кызматташып жатат, бул деген эл аралык масштаб, - дейт ал. - Кыргызстан болсо көчмөндөр оюнун өз күчү менен өткөрөт. Этноолимпиаданын жыйынтыгында статусу жагынан биздин оюндан ашып түшүшү мүмкүн.  Казакстан Этноолимпиаданы башка мамлекеттерге өткөрүп берүүнү көздөп жатат. Биздики болсо бир эле өлкөдө калып жатат. Жыйынтыгында буга болгон кызыгуу жоголот. Эч ким бир эле өлкөгө жыл сайын келе бергиси келбейт да.

Бирок Чакиевдин ою боюнча бул кырдаалдан чыгуунун жолу бар.

- Сооронбай Жээнбеков Көчмөндөр оюнун башка өлкөгө өткөрүп берүүгө жардам берип, сунушташы керек. Мисалы, Түркияга. Казакстан эми алганга макул болушу күмөн, - деп ой жүгүртөт ал. - Мурун Казакстандын дайыма Алматыда өтүүчү «Азия Даусы» фестивалы бар болчу. Барган сайын бул иш чарага болгон кызыгуу сууп калды. Жалаң Кыргызстанда өткөрө берсек биздики да ошондой болуп калат. Көчмөндөр оюнунун концепциясын биз он жылда иштеп чыктык, спорттук маркетинг технологиясын изилдедик. Долбоор боюнча  экинчи оюн башка өлкөдө өтүшү керек эле. Атүгүл бул иш чараны өткөрүүгө суроо да бар эле. Бирок Алмазбек Атамбаев өткөрүп берүүгө укук бербей турган чечим чыгарып койду. Бул долбоордун келечегине балта чапкан саясий чечим болчу. Ар бир өлкө эле мындай долбоорду түзө албайт, биз болсо түздүк.  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну эл аралык бренд болмок , бирок бийлик анын колу бутун тушап салды. Бүгүнкү күнү болсо башка өлкөлөр өткөрөлү деп суранышкан жок, суранышпайт да. Олимпиада сыңары чоң таймаш болот дегенибиз фестиваль болуп калды. Бул жылы эми жетишээрлик деңгээлде өтөт деп ишенем. Бирок жок дегенде бул брендди универсиаданын деңгээлине чыгарышыбыз керек.

Өз кезегинде экс-депутат Жылдызкан Жолдошева Көчмөндөр оюну казакстандык Этноолимпиада менен атаандашпайт деп ишенет.

- Баары бир биз биринчи өткөрүп койдук мындай оюнду. Жыл сайын Көчмөндөр оюнуна улам көп спортчулар келе беришет. Этноолимпиада - бул бир аз башка багыттагы нерсе. Биз бир тууган эл катары коңшуларыбыздын ишине кубанышыбыз керек.

Казакстан эл аралык Этноолимпиаданы өткөрүүгө укук бериши үчүн ЮНЕСКОго арыз жазды.

Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурулап, 2021-жылы бул иш чарасын өткөрүүнү көздөп жатышат. Казакстан менен катар эл аралык этноспорт оюндарын өткөрүү укугун алууга Канада, Түркия жана Түштүк Корея ат салышып жатат.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх