Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке ушул күздө шайлоо өткөрүшү мүмкүн»

Эксперттердин ою боюнча Кытайга каршы маанайды атайылап күчөтүп жатышат жана бул нерсе мурунку президент менен азыркынын ортосундагы тирешүүдө колдонулушу мүмкүн

Мындай оюн саясатчы Марс Сариев Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Кытайга каршы маанайды атайылап күчөтүп жатышат, - деп эсептейт эксперт. - Бул айрыкча соцтармактарда байкалууда. Ар  күн сайын митингге чыгууга чакыргандар Фейсбукта пайда болду. Бул адегенде Тогуз-Тородогу башаламандыктан, андан соң башка кен казылган жерлердеги окуялардан башталды. Эми кытай элчилигине берилген жер тууралуу талкуулоого өтүштү. Бул маселени козгой берүүнүн арты жакшылыкка алып келбейт. Пекиндеги 25 сотых жердин Бишкектеги 3,3 гектар жерден кымбат экендигин баары эле түшүнө беришпейт.

Марс Осмонкуловичтин болжолунда Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тиреш мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоонун болушун алып келиши мүмкүн.

- Өлкөдө кырдаал кыйындап баратат - коррупция жаңжалы, байлыктын сыртка ташылышы, инвесторлордун келбей коюшу,- дейт ал. Бирок мамлекет башчы элдин колдоосуна ээ болду. Эми күзүндө парламенттик шайлоонун болушу толук мүмкүн. Ушундай жол менен ал Атамбаевдин өлкөнү олку - солку кылышына жана ресурстарды ташып кетишине убакыт бербейт.

Бишкек шаар кеңешинин депутаттары Кытай Эл Республикасына Кыргызстандын борборунан 3, 371 га жерди бергенге макул болушкандыгын эсиңиздерге салабыз. Бул кытай элчилиги азыр турган жер, ижара мөөнөтү 49 жылга узарат.

Анын ордуна КР 0,25 га жерди Пекинден алат. Кыргыз Республикасынын элчилери үчүн курулган имараттын чыгымын КЭР өзүнө алат.

Келишимдин максаты, эки тарап тең ижара төлөөдөн бошотулат.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх