Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковду УКМКга шашылыш чакырышты

Себеби азырынча белгисиз. Ошол эле убакытта чекисттер Кубанычбек Кулматовду да чакырышты

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду саат 16:00 УКМКга суракка чакырышты. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын сөзү боюнча, чакыруунун себеби азырынча белгисиз.
- Чакыруу кагазын азыр алып келише элек, - дейт Жолдубаева. - Ошол чакыруу кагазынан белгилүү болот эмнеге УКМКга чакыргандыгы.

Андан сырткары, саат 15:00 шашылыш түрдө УКМКга  Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов  чакырылган.

Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында экс-премьер-министр Сапар Исаковго  Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 303- беренеси 1 б.(Коррупция) менен айыпталган. Ошондой эле эч жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасы көрүлгөн.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх