Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандагы коррупцияны Акаев түптөгөн»

Эксперттердин ою боюнча Бакиев менен Атамбаев бул коррупциялык системаны өркүндөтүп гана коюшту

Кыргызстандын атайын кызматынын мурдагы башчысы Болот Жанузаков Кыргызстандын президенттеринин ичинен Акаев мыкты болчу деген мурунку мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун ою менен макул экендигин билдирет. Бул оюн ал Vesti.kg сайты менен бөлүштү.

УКК мурдагы башчысынын сөзү боюнча, так ушул Акаев демократиянын аралы деп эсептелген  Кыргызстандын негизин курган.

- Эгемендүүлүк алгандан кийинки базар мамилесинен түзүлгөн маселелерин Акаев кантип чечкендиги баарыңыздардын эсиңиздерде, - деп Болот Чыныбаевич мисал келтирет. - Постсоветтик мейкиндикте биз алгачкылардан болуп кыйынчылык менен улуттук валютабыз сомго кирдик. Ошондой эле мамлекетти  бөлүштүрүп, приватташтыруу маселесин чечти. Бизге ошол маалда бул кыйроого алып келет дешкенине карабастан, өлкөбүз андан ары карай өнүктү. Көп нерсе Акаевдин аркасы менен болду.

Андан сырткары, Акаевдин маалында энергетика долбоору түзүлгөндүгүн белгилей кетти.

- Мен Осмонакун Ибраимовичтин Датка-Кемин сыяктуу биздин мезгилде ишке кирген энергетикалык долбоорлор тууралуу оюна кошулам, - деп кошумчалады Жанузаков.
 
Ал арада, саясатчы, 2005-жылдагы «март» революциясынын катышуучусу Турат Акимов  таптакыр карама каршы пикирди айтат.

Анын сөзү боюнча, Акаев көбүнчө теоретик болгон.

- СССРдин кулашы доордук кубулуш болгондугун түшүнүшүбүз керек. Ал убакта Кыргызстанга кимдин президент болуп келээри маанилүү эмес болчу. Балээнин баары Акаевдин практик эместигинде болду. Ал мамлекеттин саясий түзүлүшүн начар түшүнгөн киши болгон. Ошондуктан биз экономикада бардык параметрлер боюнча үрөй учарлык артта калдык. Казакстанга өндүрүшчү келди, Өзбекстанда болсо Мампландын мурунку жетекчиси келди. Ошондуктан ал жактарда аздыр, көптүр майнап чыгып жатты. Бизге болсо теоретик келди. Акаев окумуштуу болчу, ал физика боюнча кандайдыр бир изилдөөлөр менен алектенчү. Ошондуктан аны өндүрүшчү болчу деген жарабайт. Бүгүн бизге 80 % товар импорттолуп келет. Бул биздин биринчи президентибиздин өнүгүүбүзгө салган негизи туура эместигинен кабар берет. Бул Акаевдин чоң коррупциялык системасын Бакиев менен Атамбаев өркүндөттү дегенди билдирет. Биз эми бул көйгөй менен Жээнбеков мырза күрөшүп жеңет деп күтүп атабыз. Ошол эле учурда биз мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттер күнкор болгондугун так түшүнүшүбүз керек. Алар бардык саясий курулуштарды Москванын буйругу менен өздөрү курушкан. Булар аткаруучу, аппараттык клерктер болушкан. Ошондуктан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары баарында маселе жаралды. Азыр эми гана кийинки муундар өз алдынча чечим чыгарганды үйрөнүшүп, улуттук кызыкчылыкты эл аралык деңгээлге алып чыгып жатышат.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх