Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу убактылуу тергөө абагында Жапаровду өлтүрүүнү көздөшкөн деп ырастады

Бүгүн Жогорку сот экс-депутаттын иши боюнча акыркы чечимди чыгарышы мүмкүн

Бүгүн Жогорку сот саат 14:30 экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Токтосуновдун айтуусунда сот бүгүн акыркы чечимди чыгарышы мүмкүн.

- Талкуу бүгүн аякташы керек, - дейт ал. - Андан ары сот чечим чыгаруу үчүн отурумга кетиши керек.

Андан сырткары, жактоочу экс-депутаттын өзүн өзү өлтүрүүгө кылган аракети тууралуу окуяны эстеди.

- Мен Садыр Жапаровдун өзүнө өзү кол салгандыгына таптакыр ишенбейм, - деп улантты ал. - Ал адегенде моюнун, андан соң сол колун, андан кийин оң колун кесе алмак эмес. Менин болжолумда Садыр Жапаровду убактылуу тергөө абагында өлтүрөлү дешкен.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта отургандыгын эсиңиздерге салабыз. Ал барымтага алуу, бийликти күч менен басып алуу, өлтүрөм деп коркутуу жана бейбаштык боюнча күнөөлөнгөн.

Бакыт Стамов
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх