Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовдун коргоочусу анын баш коргоо чарасын кайра өзгөртүүгө аракет жасайт

Бишкектин мурдагы мэринин жактоочусу  бүгүн УКМКнын тергөө абагында өзү коргогон адамы менен жоолугат. Бишкек шаардык сотуна арыз даярдалып жатат

Биринчи май райондук сотунун Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго карата чыгарган баш коргоо чарасы тууралуу чечимине арыз берилет. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына мурунку чиновниктин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Андан сырткары,  ал коргогон адамды бүгүн УКМКнын тергөө абагына киргизишээрин кошумчалады.

- Бүгүн Кулматовго кирем, - деп маалымат берди Слесарев. - Мен азырынча анын кайсы камерага киргендигин биле элекмин. Жакынкы күндөрү Бишкек шаардык сотто биринчи инстанциянын чечимине арызданабыз.

Юристтин айтымында, Кулматовду коргоордун алдында процесс жабык болоорун айтышты, себебин айтышкан эмес.

- Мен соттон мыйзамда каралгандай журналисттердин катышуусу алдында, процесс ачык болушун сурандым,. Бирок сот менин сунушумду четке какты, чечим тууралуу болсо эч кандай түшүндүрмө берген жок,- деп аяктайт сөзүн Слесарев.

Биринчи май райондук сотунун баш коргоо  чарасы тууралуу чечими чыгаардын алдында, Кулматовду эки айга камакка алышкандыгын эсиңиздерге сала кетели.

Кулматовду сот залынан кишен салып алып чыгып кетишти. Ал журналисттерге бул сот эмей эле «өкүм зордук» болду, - деп билдирди.  

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх