Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Бул камоолор эч кандай өзгөрүүлөрдү алып келбейт

Кээ бир эксперттердин көз карашында Исаков менен Кулматовдун камалышы - бул Атамбаевдин командасына болгон куугунтук. Ал эми айрымдары мында эч кандай деле саясат жок дешет

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын эки көрүнүктүү өкүлү камалды.

Vesti.kg сайты мурда билдиргендей мурунку премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын тергөө абагына тергөө бүткүчө камалды. Ал эми Бишкектин экс-мэри Кулматовдун камалуу мөөнөтү болсо так, башкача айтканда 2018-жылдын 28 июнуна чейин.

Эксперттер Vesti.kg сайтына саясый маселелер боюнча ойлорун бөлүштү.

Мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун ою боюнча кармалгандарга коюлган айыптоолор олуттуу.

- Бул нерсе алар камалбай сыртта жүрсө иликтөөгө жолтоо болмок дегенди билдирет, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Менин оюмча адилеттүү эле болду. Ошондуктан күч органдарына расмий кине жок.

Күбө - бул башка маселе, бул тергөөнүн сыры болуп эсептелет. Бирок мен аларды сотто көрөм го деп үмүт кылам.

Кулов азыркы бийлик кимдир бирөөнү жөндөн жөн эле айыптабашын жана мындай нерседен майнап чыкпашын билет. Анткени мурунку өлкө башчысынын саясий атаандаштарын камагандыгынан эч нерсе чыккан жок.

- Өмүрбек Текебаевди бир адамдын сөзү менен соттошту - Леонид Маевский, пара берип алып, анан көп жыл өткөн соң эстеп, анын үстүнө эч нерсени далилдей алган жок,- дейт экс-премьер-министр.

Менин күбөлүк көрсөтмөмдү эске алышкан жок. Анткени мен  Маевскийди башка жактан көргөм жана ошол учурда Текебаев менен бирге анын кабинетинде отургам. Бул көз көрүнөө саясий куугунтук. Жаңы бийлик кандайдыр бир Маевскийге окшогон дагы бирөөнүн көрсөтмөсү менен бирөөнү камабайт, анткени сотто баары ачыкталат. Куловдун божомолунда азыр президент Жээнбеков азыр эки анжы абалда турат, бирок баары бир анын кызыкчылыгы соттордо билинет.

Ошондуктан Куловдун оюнча президент азыр баарынан оолак болуп турат.

- Бирок бул камакка алуулар эч кандай деле өзгөрүүлөрдү алып келбейт, - дейт Кулов. - Анткени алтын кычкачтыр жана жыгач аттардан соң коомчулук кандайдыр бир кескин чараларды  күткөн болчу.
 
Саясатчы Аркадий Гладилов да Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун УКМКнын тергөө абагына киргизилишинен эч кандай саясат издегенге болбойт дейт.

Анын Vesti.kg сайтына билдиргениндей аларга тагылган айып өтө эле олуттуу , бул жерде саясатка орун да жок.

- Болуп жаткан окуянын баарын эле Жээнбековго чаптай берген болбойт, анткени Кулматов менен Исаков таптакыр күнөөлөрү жок болсо эркиндикте жүрүшмөк. Бул кадимки эле боло жүрчү иш. Көбүртүп, жабырта бериштин кереги жок.


Ал эми көз карандысыз эксперт Аида Алымбаева кармалган мурунку чиновниктердин баары саясий куугунтукка кабылышты дейт. Анын оюнча бул Сооронбай Жээнбеков тарабынан уюшулган бийлигин чыңдоо компаниясынан бир көрүнүш.

- Бул атайылап эле Атамбаевдин командасын куугунтукка алуу, дейт саясатчы Vesti.kg сайтына. - Жээнбеков өзүнүн легитимдүүлүгүн бекемдеп, коррупция менен күрөшкөн киши болуп көрүнөм деп жатат. Чындыгында бул күрөшүүнүн максаты башка. Мисалы Матраимовго кылмыш ишин эмнеге козгошпойт, анын коррупциялык иштери өтө көп го.

Алымбаеванын оюнча ал оппоненттерин ийге келтирип, парламенттик шайлоодо бир гана өзүнүн күчтүү командасы калуусун каалайт.

- көптөгөн майда-чүйдө партиялар менен келишүү кымбатка турат,- дейт ал.

- Бул сценарийди биздин мурунку президенттердин бардыгы колдонушкан: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмаз Атамбаев,- дейт саясатчы.  - Бирок бул азыркы лидерден байкалбайт. Бийлик коомчулуктун көз карашын керектүү нукка буруу менен алыктенет. Нааразычылык соц тармактарда гана, андан ашып кетпейт.

Vesti.kg сайты мындан мурдараак Биринчи май райсоту мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын УКМКнын тергөө абагына иликтөө бүткөнчө камалып туруусуна өзгөрткөндүгүн билдирген эле.
Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупцияга козголгон кылмыш ишинин алкагында КР КК 303-беренесинин 1 б. менен айыпталып, эч жакка кетпөө баш коргоо чарасы көрүлгөн.

Ошол эле биринчи май райсоту Кубанычбек Кулматовду УКМКнын тергөө абагына ушул жылдын 28-июнуна чейин камоого баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Аны сот залынан кишен салып алып чыгып кетишти.
Агы КР КК 303-берене 1б. менен айып тагылган.

Кийинчерээк Осмонбек Артыкбаевдин кармалганы белгилүү болду, ал да УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Ольга Федорчук
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх