Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков: Биз Сооронбай Жээнбековго эмес Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгонбуз

Экс-депутат ага жаңы президент эмнеси менен жагаарын жана акыркы чуулгандуу камакка алууларды түшүндүрүп берди

Экс-депутат Равшан Жээнбеков өзүнүн Сооронбай Жээнбеков менен  жоолугуп, анын позициясы менен макул экендигин билдиргендиги тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Ал Vesti.kg сайты менен болгон маекте, бул жөн эле ушак кеп болгону менен кандайдыр бир деңгээлде менин чыныгы позициямды билдирет деп айтты.

- Мен бардык оппозициянын атынан сүйлөй албайм, бирок алардын көз караштарын билем, - деди Равшан Бабырбекович. - Биз Сооронбай Жээнбековго эмес, Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгонбуз. Азыркы президентке болгон көз карашым жакшы. Мындайча айтканда анын кээ бир баштаган иштери мага жагат. Жарандык коом менен кызматташып жана сөз эркиндигин колдоо - бул коррупция менен күрөшүүнүн аныкталган түрү.

Сөзүнүн акырында Равшан Жээнбеков кечээги чуулгандуу камакка алуулардан кеп козгоду.

- Бул кадимки көрүнүш, туура жана өтө катаал эмес. Кыскасы мен ыраазымын. Анткени алынган кредиттер максатсыз пайдаланылганы анык. Анын көпчүлүк бөлүгү Датка - Кемин жана Ысык-Көлдөгү автожол проектисинде уурдалып жок болгон. Мындай учурда президент экс-президенттин айланасындагыларга катаал чара көрүүдөн башка аргасы калбайт. Эң негизгиси укук коргоо органдары ишти тыкыр иликтеп жана сотко тана алгыс далилдерди даярдап бериш керек. Ал эми сот болсо өз кезегинде мыйзамдын чегинде , акыйкат чечим чыгаруусу зарыл.

Бакыт Стамов
Шамиль Жалилов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх