Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев Баш прокуратурага соттун үстүнөн арыз жазды

Экс-депутат сотторду документтерди жашырып койгондугу үчүн күнөөлөйт. Көзөмөлдөө органы документти кароого киришти

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев Баш прокуратурага сот Адис Момуналиевге кылмыш ишин козгоо тууралуу арызын жазды. Ал Бишкек шаардык сотунда «Ата-Мекен» партиясынын лидеринин ишин караган.  Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова  govori.tv. басылмасына билдирди.



Анын айтымында, башкы көзөмөлдөөчү орган арызды кароого алган.

Жөнөтүлгөн текстте Адис Момуналиев мурунку депутат Текебаевдин жана экс-министр Чотоновдун иштерин кароодо соттолуучулардын күнөөлүү эместигин далилдөөчү маанилүү документти кошпой бекитип койгондугу жазылат.



2017-жылдын 26-сентябрында соттолуучулардын жактоочусунун суранычы боюнча шаардык сот ЖЧК «Нур Телекомго» суроо жөнөткөн. Бирок сот жоопту күтпөстөн эле 2017-жылдын 2-октябрында биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Депутат Наталья Никитенконун суроосу боюнча белгилүү болгондой шаардык сотко жооп 2017-жылдын 16-октябрында келген.



«Андан сырткары сот Момуналиев жактоочу Жакупбекованын суроосуна  өзү жооп берди, "Нур Телекомго" жиберилген каттын көчүрмөсүн жактоочуга берген, анда сотко кириштелген номуру көрсөтүлгөн эмес. Ушундан мындай деген жыйынтык чыгарса болот,  сот Момуналиев атайылап Чотонов менен Текебаевдин актыгын далилдөөчү далилди бекитип, жок кылган»,- деп жазылат арызда.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх