Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков: Менин бир эле башым бар, аны тобокелге сала албайм

УТРК  шайлоодо иштеп табылган акчалардын кайда коротулганына парламенттегилер кызыгып жатышат

Депутат Руслан Чойбеков УТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдон президенттик жана парламенттик шалоолордогу үгүт материалдарынан түшкөн акча кайда жумшалгандыгын сурады.

Сиз бул кызматка келгенден бери эки жолу шайлоо болду, - деп эскертти депутат. - Жарыянын ар бир мүнөтү кымбат турат. Коропорациянын тапкан пайдасы ченемсиз. Сиз ушул акчалардын баарын кайда короттуңуз ?

Илим Карыпбеков парламенттик шайлоодо корпорация 76 миллион сом тапты деп жооп берди.

- Мыйзам боюнча бул акчанын жарымын мам.мүлк башкаруу фондуна бердик. Калган акча көчүп жүрүүчү станция сатып алууга сарпталды, - деп жооп берди Карыпбеков.  - Сатып алаардан мурун тендер жарыяладык, ага эки британиялык жана бир түрк компаниялары катышты. Бул сатып алуулар боюнча бардык документтерди Эсептөө палатасы текшерет. Менин бир эле башым бар, аны тобокелге сала албайм. Ар ким ар кандай сөз айткандыгына карабастан баары өз эрежеси менен болду.

Бүгүн депутаттар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын байкоочу кеңешинин 2017 -жыл үчүн берген отчётун  угушту.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх