Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев: ЖЭБ реконструкциясы боюнча бардык стратегилык чечимдерди мен кабыл алгам

Экс-президент УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сооронбай Жээнбековду коркунучтуу жолго түртүп жатат дейт

КСДПнын пресс-кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий билдирүүсүн таркатты. Окурмандарга анын сөзү менен жазылган толук текстти тартуулайбыз:   

"КРнын мурдакы Премьер-министри, СДПКнын Төрагасынын орун басары Сапар Исаковду жана Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдакы Төрагасы, биздин партиянын Саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурасындагы кечээки чечим – бул коррупция менен күрөшүү эмес.   

Коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы кадыресе акыл–эске сыйбайт. С.Ж.Исаковдун Өкмөтү ушул жылдын 4 айынын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнөн  5 миллиард сомго жогорулашын (профицит) камсыз кылды. Мындай көрсөткүчкө эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жетишилди.  Мында Исаков С.Ж. менен Кулматов К.К. коррупционерлерден тазалай баштаган бажы органдарынан түшкөн төлөмдөр негизги ролду ойноду.

Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскөй кардиналы аты белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу.

Ошондой эле Президенттин Аппаратынын мурдакы бөлүм башчысы С.Ж. Исаков да, Бишкектин мэри болуп турган К.К. Кулматов да тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. Укук коргоо органдарына иштин маңызын өз алдынча териштирип алууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн мен ушул убакка чейин ачык билдирүүлөрдү жасоодон карманып келдим. Бирок мен бүгүн аларга С.Ж. Исаковду жана К.К. Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам.

ЖЭБди КЭРнын кредитинин эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде подрядчикти кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү, жана ошондой эле гранттык каражаттарды “Калыс Ордо” конушундагы мектептин курулушуна  багыттоо жөнүндөгү чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ар тараптуу талкуулангандан кийин мамлекет Башчысы Атамбаев А. Ш. жана өлкөнүн Өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Мындай чечимдерди кабыл алууда өлкө Президентинин негизги ролу, мамлекеттик органдардын жана мамалекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигинин таңкыстыгы, мамлекет Башчысынын тышкы саясаттагы милдеттери, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу менен шартталган.

Максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн чыңдоо болуп эсептелген башка улуттук долбоорлор жөнүндө да ушуну айтса болот. Анын ичинде: “Датка-Кемин” ЭЛЧ, “Датка” жана “Кемин” көмөкчү чордондорунун курулушу, “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолунун курулушу, “Кыргызгаздын” инфраструктурасын “Газпром” компаниясына өткөрүп берүү, ГЭСтердин Жогорку-Нарын каскадын курулушу, Токтогул жана Атбашы ГЭСтерин реконструкциялоо, Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата объектилердин курулушу, 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгына карата масштабдуу иш-чараларды өткөрүү, Тарых музейин реконструкциялоо жана башка көптөгөн стратегиялык объектилер жана иш-чаралар бар.

КСДПнын активдүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм.

Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында иш жүзүндө, өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды.  Буга далил болуп, мисалы, өткөн 2017-жылдагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында, эч кандай куру кыйкырыгы жок эле бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган болсо, ал эми бул жылдын көрсөткүчтөрү азырынча алда канча төмөн.

Жоопко, Сапар Исаковду эмес, эгерде тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү фактылар аныкталса, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү аварияга жол берип, Бишкектин тургундарын тоңдурган күнөкөрлөрдү, материалдарды, жабдууларды жогорулатылган баалар менен сатып алгандарды тартыш керек.  

КККнын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө Президенти С.Ш. Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, а ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн маалымат-жыйынымда айтканга аргасыз болдум.  

Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы өлкөдө стабилдүүлүктү орнотууга жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсүнө ири салымын кошту. Биз тынчылыкты жана элибиздин биримдигин ар тараптуу коргоого милдеттүүбүз. Мунун кепилдиги - адилет бийлик. Бул дайыма эсибизде болууга тийиш. 

КСДП иш-аракеттерин мыйзам жана КРнын Конституциясынын алкагында гана жүргүзөт, мыйзамдуулукту талап кылат, жарандардын, партия мүчөлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт. Ошол эле маалда урматтуу мекендештер, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн мен сиздерди укуксуз ыкмаларга барбоого чакырам. ю

Кыргыз эли жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин козголушунун чын себептерин эртедир, кечтир билет жана өз калыс баасын берет".

Кыргыз Республикасынын
Экс-Президенти, КСДПнын Төрагасы 
Алмазбек Атамбаев





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх