Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Кытай биргелешип 10 документке кол коюшту

Сооронбай Жээнбековдун КЭР жасаган жүрүшүнүн жыйынтыктары

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына жасаган жүрүшүнүн алкагында эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу тууралуу Биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Ошондой эле төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1.  «КР-КЭР» 11.09.2013 жылдан өкмөтаралык газөткөргүчтөрүн куруу жана ишке киргизүү кызматташтыгынын келишимине толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.

2. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын коммерция Министрлигинин ортосундагы тышкы соода-экономикалык кызматташтыктын аймагы тууралуу меморандум.

3. КР Мамлекеттик кадр кызматы менен КЭР коммерция Министрлигинин ортосундагы адам ресурстары тууралуу бири-бирин түшүнүү жана кызматташуу меморандуму.

4. КР айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация Минитрлиги менен КЭР сапат боюнча Башкы көзөмөл жана карантин инспекциясынын ортосундагы  коонду КЭР экспорттоодогу фитосанитардык лабораториялардын талаптары тууралуу протокол.

5. КР менен КЭР ортосундагы КР ӨКМ үчүн мобилдик ооруканаларды даярдоо долбоорун ишке ашыруу тууралуу өкмөттөр аралык кат алышуу.

6. КР саламаттык сактоо Министрлиги менен КЭР саламаттык сактоо жана гигиена  боюнча Мамлекеттик комитетинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташуу келишими.

7. КР маданият, маалымат жана туризм Министрлиги менен КЭР радиоберүү жана телекөрсөтүү иштери боюнча Башкы мамлекеттик башкармасынын ортосундагы кызматташтык.


8. КР өкмөтүнүң алдындагы ветеринардык, фитосанитардык  Мамлекеттик инспекциясы  жана КЭР Башкы бажы башкармасынын ортосундагы жарага каршы вакцина берүүчү аймакты түзүүнүн талаптары боюнча  меморандум.

КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги менен КЭР адам ресурстары жана социалдык камсыздоо Министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

10. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы техникалык-экономикалык кайтарымсыз жардамдарды көрсөтүү тууралуу келишим.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх