Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупция менен күрөшүү райондун акимдерин кыйгап өтүүдө

Эл өкүлү Бишкектин район башчыларын текшерүүнү сурайт

Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда айтты.

Депутат белгилегендей, тийешелүү органдар Ленин районунун акиминин ишмердүүлүгүнө көз салуулары зарыл.

- Президент коррупция менен курөшүүдө тууганымды да аябайм деген эле, бирок коррупция менен күрөш акимдерди кыйгап өтүүдө, - деп ишенимдүү айтты эл өкүлү. - Соц.тармактарда, ММК да так ушуларга арызданып жатышат элдер, бизге кайрылып атышат. Андан сырткары, Ош базары үч жолу өрттөндү. Бирок акимдин жоопкерчилигин эч ким караган жок.

Жылдыз Мусабеков аягында акимдердин бардык мыйзам бузуулары тууралуу документтерди жана арыздарды өкмөткө өткөрүп берээрин кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх