Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун мурдагы досу экөөнүн жаш чактагы сүрөтүн көрсөттү (фото)

Мурунку премьердин жеке жашоосунан көп нерселерди ачыкка алып чыккан Урматбек Акунов, анын камалгандыгын угуп таң калгандыгын жашырган жок

Сапар Исаковдун бала чактагы досу, активист Урматбек Акунов Vesti.kg сайтына экөөнүн жакын болгондугун далилдеген сурөттөрдү берди.

Соц.тармактагылардын көпчүлүгү анын айткандарына ишенишкен эмес эле.



Мындан мурун Акунов бала чагында Сапар Исаков менен дос болгондугун айткан эле. Анан ал премьер экөөнүн мурдагы жашоосунан көптөгөн фактыларджы келтирген болчу. Анын кээ бирлери өтө эле жекече мүнөздө эле.

- Бул сүрөттө биз достор менен чогуу түшкөнбүз, - дейт ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Сол жак чекедеги арык бала Чыңгыз. Ал азыр Караколдо, аны менен азыр да мамилем бар. Сапар кучактап турган толук бала анын классташы, азыр каякта экендигин билбейм.

Ошону менен бирге Акунов өзүнүн мурдагы досунун кармалышы тууралуу да айтып берди.

- Чынын айтсам мен бул камакка алуу мага оор тийди. Азыр да өзүмө келе элекмин. - Албетте, адам катары мен ага боорум ооруйт. Бирок, бул жерде ал бардыгын билип туруп жасап жатпайбы. Биринчи Максим Бакиевге кызмат кылды, анан Алмазбек Атамбаевге. Менин угушумча Сапардын туугандары деле аны көп деле аяшпайт. Ал жакшылыкча эл алдында кечирим сурашы керек болчу.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх