Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын кезексиз съезди болбойт. Партиядан чыгарылган адам чуу көтөрүп атат

«Социал-демократчылар» Сагынбек Абдрахмановдун билдирүүсүн провокация деп аташты

КСДПнын кезексиз съезди болбойт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына партиянын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Сагынбек Абдрахманов партиянын мүчөсү эмес, ал партиядан былтыр эле чыгарылган, - дейт ал. - Анын билдирүүсү провокация гана. Биз расмий түрдө билдиребиз, эч кандай кезексиз съездге даярдык көргөнүбүз жок.

Кечээ Сагынбек Абдрахманов фейсбук баракчасына  «социал-демократтардын» кезексиз съездине даярдык бүтүп калды деп жазгандыгын эскерте кетели.

«Биз Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясынын тарыхый иштеринин артына жашынгысы келип жаткандыгына нааразыбыз, - деп жазат ал соц. тармактагы баракчасына.  - Атамбаевдин  Кулматов, Исаков сыяктуу Бакиевдин куйруктарын жолдошторубуз деп аташы эки жүздүүлүктүн жеткен чеги. Биздин жолдошторубуз 7-апрелде коррупция жана бийликтин чектен чыккандыгына каршы күрөштө  курман болушкан.  Бирок Атамбаев кан төгүлгөн уруштун аркасы менен бийликке келип алгандан кийин, бардык күчүн бийликтин бардык бутагын өзүнө баш ийдирүү менен алектенди. Байлык топтоп, шопур жана жансакчыларын кызматтарга алып келди».


Абдрахманов кезексиз съездде Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу маселеси коюлаарын билдирген.

Сагынбек Абдрахманов 2017-жылы президенттикке талапкер болгондугун эсиңиздерге салабыз.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх