Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Каптагаев: Атамбаев Цугцванг позициясында калды

Экс-президенттин билдирүүсү Баш прокуратуранын ага кылмыш ишин козгоого жол ачып берди  деген пикирлер бар

Экс-президент Атамбаев кечээги өзүнүн билдирүүсү менен бийликти узурпациялап алгандыгын мойнуна алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурунку чакырылыштын депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

- Бул КР Конституциясында каралган оор кылмыш, - деди ал. Эми Атамбаевди ЖЭБ авариясы, Азиз Батукаев жана башка коррупциялык иштери боюнча кылмыш ишин козгой берсе болот. Биринчи кезекте , албетте укук коргоо органдары далилдеши керек.

Равшан Жээнбековдун ою менен Жарандык активист Мавляно Аскарбеков макул болду.

- Атамбаев стратегиялык обьекттер боюнча баардык маанилүү чечимдерди өзү кабыл алгандыгын толугу менен мойнуна алды, - дейт Аскарбеков. - Ошону менен ал бийликти узурпациялап алгандыгын билдирди. Мунун өзү кылмыш. Эми Баш прокуратура кылмыш ишин козгошу керек. Андан сырткары Атамбаев бир канча жолу Кыргызстандагы эки революцияны мен кылганмын деп мойнуна алган. Эгер кааласа үчүнчүсүн да жасап коёорун айткан. Анын үстунө коомчулукта экс-президент күзүндө башаламандык уюштурганы жаткандыгы тууралуу кеп болуп жатат.

Ал эми Ысык-Көл областынын мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев болсо, экс-президент кандай кадам жасабасын баары бир утулаарын айтты.   

- Атамбаев «Цугцванг» позициясында калды (Цугцванг - шашкидеги, шахматтагы  оюнчунун кандай жүрүш кылса да утула турган абалы), - деди ал. - Ал эмне деп сүйлөсө да ал нерсе өзүнө каршы болот. Сүйлөсө - жаман болот, үндөбөй койсо - андан да жаман болот. Тынч отурса - жаман болот, кыймылдаса - андан да жаман болот.

Өз кезегинде экс-омбудсмен Турсунбек Акун экс-президентти Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.

- Элдер Жээнбековдун саясаты менен макул болуп жатышат, - деди Турсунбек мырза. - Кимден сураба баары эле бул чуулгандуу камакка алууну туура деп жатышат. Ошондуктан Атамбаев президенттин коррупция менен күрөшүүсүн колдошу керек.

Шамиль Жалилов
Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх