Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чөгүп бараткан кемеден качып атышабы ? КСДПны мүчөлөрү таштап кете баштады (фото)

Партиядан чыгуу тууралуу алгачкы  арыздар пайда болду. Кетип жаткан адам «социал-демократтарга» болгон ишеними жоголгондугун айтты

Юридикалык компаниянын башчысы жана 2014-жылдан бери КСДПнын мүчөсү Таттыбүбү Эрегешбаева бүгүн Алмазбек Атамбаевге партиядан чыгуу тууралуу арызын берди. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына ал өзү билдирди.


Анын сөзү боюнча, ал партиянын саясий кеңешине жана партиянын мүчөлөрүнө болгон ишенимин жоготту.


- Президенттик бийликтин алмашкан учурунан бери КСДПнын кылган иштеринин мыйзамдуулугунан шектене турган фактылар көп, - деп билдирет ал.

Кечээ Чүй областынын экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов өзүнүн фейсбук баракчасына «социал-демократтар» кезексиз съездге даярдык көрүп бүтүп калышты деп жазаган эле. Ал съездде Алмазбек Атамбаевдин партиядан чыгарылуусу тууралуу маселе көтөрүлмөк.

Бирок КСДПнын пресс-кызматынан ал кишинин партияда жок экендигин, анын билдирүүсү провокация экендигин айтышкан.

Бакыт Стамов
фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх