Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чиновниктер дайыма өздөрүнүн таасирин күчөтүүгө умтулушат...»

Маалымат кызматынын Адистештирилген борборун алып салуу, дагы бир жем жечү «акурду» жок кылууга жардам берди деген пикирлер бар

Мамкаттоо кызматынын алдында түзүлгөн маалымат кызматынын Адистештирилген борборун алып салуу - бул чиновниктердин коррупциялык жол менен жечү жемин жок кылды. Мындай деген пикирин юридикалык илимдин доктору Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына билдирди.

- Мен бул чечимди колдойм, бул анализ жана мониторингдерден кийин кабыл алынган чечим, - дейт ал. Мен бул маселе боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгом. Чиновниктер дайыма өздөрүнүн таасирин күчөтүү үчүн жаңы тосмолорду жана механизмдерди жаратууга аракеттенишет. Бул системалык коррупцияга алып келет, буга жол берилбеш керек.
Кечээ өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Адистештирилген маалымат кызматынын борборун» жоюу тууралуу токтомго кол койду. Өкмөттүн аппаратындагылар бул чечим Мамкаттоо кызматындагы коррупциялык системаны талкалоо планынын алкагында кабыл алынды деп билдиришти.

Вероника Малышева
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх