Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мураталы Тагаев Жалал-Абаттын мэри болду

Анын дайындалаары тууралуу болжолдуу маалыматтар шайлоого эки жума калганда пайда болгон

Мураталы Тагаев Жалал-Абаттын мэри болду. Мындай чечим жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сессиясында  кабыл алынган.

Бул кызматка Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиевдин да талапкерлиги каралгандыгын эсиңиздерге салабыз.
Тагаевге 18 депутат, ал эми анын атаандашына 11 депутат добуш беришти.

Шаардык кеңештин төрагасы Жалал-Абаттын мэри боло тургандыгы тууралуу маалыматтар Vesti.kg сайтына эки жума мурун келип түшкөн.

Мураталы Тагаев өзүнүн эмгек жолун 1996 -жылы «Баатыр Ата» АК эсепчи болуп иштөөдөн баштаган.

Андан сырткары, ал КР баалуу кагаздар рыногу боюнча президенттин алдындагы Улуттук комиссиянын инспектору жана жетекчи адиси болуп иштеген. 2007 -жылы Тагаев Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору кызматын аркалаган жана бир нече компанияларды ар кандай убакыттарда башкарып турган.

Андан мурунку мэр Салайдин Авазов 25-майда кызматынан бошотулган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх