Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык соту Алмамбет Шыкмаматовдун пайдасына чечим чыгарды

Сот ишти кошумча иликтөөгө жөнөтүп, депутаттын жактоочусунун өтүнүчүн орундатты

Бишкек шаардык соту депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча чыгарган биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына депутат өзү билдирди.

Анын айтымында, иш тергөөнүн актай жерлерин толуктоо үчүн кошумча иликтөөгө жиберилген.

Мындан мурдараак Алмамбет Шыкмаматов Vesti.kg сайтына ага карата жана тендердик комиссиянын башка мүчөлөрүнө карата кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу соттук куугунтуктоо токтотулгандыгын билдирген эле.

- Бирок , мага жана Иманалиевге ушул эле иш менен кайрадан 303 берене «Коррупция» боюнча күнөө коюшту. Ошону менен бир эле ишке эки башка ар түрдүү процессуалдык чараларды колдонушту. Бул деген Конституцияны, КЖК жана эл аралык укуктун нормаларын одоно бузуу.

Мурда Биринчи май райондук соту Алмамбет Шыкмаматовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөп, 5 миллион сом өлчөмүндө айып салган.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх