Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи вице-премьер келаткан күзгө «Коопсуз шаарды» убада кылды

Камера орнотууну Бишкектен башташат

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкекке видеокамераларды орнотууну ушул күздө башташат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов парламенттин пленардык отурумунда билдирди.

- Биз июль айына чейин даярдык көрүүнү аяктайбыз, бизге убакыт зарыл эле, - деп айтты ал депутаттарга. - Бир айдын ичинде бул долбоор менен иш алып бара турган компанияны аныктоо үчүн конкурс жарыялайбыз. Биздин планыбыз боюнча Бишкекке камераларды ушул күздө орнотуп башташат.

Боронов тартип бузууларды байкоого алып, эсептеп туруучу программалык - аппараттык комплексти бир гана жолдорго гана орнотпостон, башка эл көп чогулган жерлерге да орнотушат,- деп билдирди.
 
- Бардык жеке менчик ишканалар сырткы көзөмөлдөө камерасын коюуга милдеттүү, - деп кошумчалайт ал. Алар кийин «Коопсуз шаар» серверине туташышат.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх