Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысынын жаңы орун басары Мирлан Каниметов

Ал отставкага рапорт жазган Данияр Абдыкаровдун ордуна келди

Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары, коргонуу, тартип сактоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев премьер-министрдин буйругуна ылайык, борбордук аппараттын өздүк курамына ИИМ башчысынын жаңы орун басары милициянын полковниги Мирлан Каниметовду тааныштырды. Берилген рапортуна ылайык министрдин орун басары Данияр Абдыкаров ээлеген кызматынан бошотулду.


ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин сөзү боюнча, жаңы орун басар ыкчам кызматтын ийне-жибине чейин билет, кесипдик деңгээли жогору, тажрыйбасы мол жана эң жакшы моралдык сапаттары бар.

ИИМ бөлүктөрүндөгү кадрдык өзгөрүүлөр ички иштер органына кирип келе жаткан өнүгүү зарылчылыгына байланыштуу. Ошондой эле, министр дайындалган жетекчинин кесиптик тажрыйбасы алдыда турган тапшырманы аткарууда ыкчам бөлүктөрдүн өздүк курамын  жарандардын кызыкчылыгын коргоодо мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого багыттоого жардам берээрин белгилеп кетти.

Каниметов Мирлан Дотанович 1970 -жылы Нарын областынын Коскор районуна караштуу Кара-Мойнок айылында туулган.

ИИМ Академиясынын юриспруденция адистигин бүтүргөн. Ички иштер органында 1991-жылдан бери. Өзүнүн кызматын ИИМ сакчылар Башкармасынын полкунан баштаган.

Кызмат кылган мезгилдеринде ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер, ага ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер жана маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп иштеген. Ар кандай башкаруучу кызматтарда иштеген: ИИМ ГУБОП бөлүмүнүн башчысы, ИИМ ГУБОП Башкармасынын башчысы, ИИМ мамлекеттик коргоо уюмунун Башкармасынын башчысы.

Ички иштер органында кызмат өтөө мезгилинде мамлекеттик «Эрдик» медалы жана мекемелик сыйлыктар менен сыйланган.

ИИМ пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх