Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Замандаш» СП төрагасы Ж.Молдокматов: Москва шаарында кырсыкка кабылган Чыңгызды биз көнүл сыртында калтырбайбыз

Саясий партия адвокат жалдоо жана каржылык колдоо көрсөтүүнү колго алышты

Үстүбуздөгү жылдын 16-июнунда Москва шаарында Анарбек уулу Чыңгыз аттуу жараныбыздын жумуш учурунда кырсыкка кабылып, капысынан жол чекесиндеги адамдарды унаасы менен коюп кеткендиги бүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири тарап, Анарбек уулу Чыңгыз ушул тапта камакка алынып, сурак иштери жүрүп жатат. Кырсык болгон күнү Чыңгыздын апасы Зумураткан Мунапбаева дароо Москва шаарына жөнөп кетти.

«Замандаш» саясий партиясынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда партиянын Россия Федерациясы боюнча өкүлү Акбар Маразыков жана Москва шаары боюнча өкүлү Марат Исаевдер адвокат жалдоо жана каржылык колдоо көрсөтүүнү колго алышты. Ал эми партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов Чынгыздын бир тууган агасы Алмаз менен жолугуп, финансылык жактан көмөк көрсөттү.

Партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдиргендей, кырсыкка кабылган Чыңгыздын иши көңүл сыртында калбайт жана Чынгызды бул оор ахыбалдан чыгаруу үчүн “Замандшчылар” болгон аракеттерин жумшашмакчы.

Фото «Замандаш»

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх