Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эгерде премьерге канааттандыраарлык эмес деп баа беришкенде, ал өкмөттүн отставкасына алып келмек эмес

Бир эле отчётко эки башка баа берген кесиптештерине таң калган «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев, андан өкмөт отставкага кетпейт эле деп ишенет

«Ата-Мекен» фрациясынын депутаты Эмил Токтошев 2017-жылкы Мухаммедкалый Абылгазиев берген өкмөттүн отчёту канааттандыраарлык эмес  болчу дейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат өзү билдирди.

Анын айтымында, азыркы өкмөт башчы өзүнөн мурдагы Сапар Исаковдун отчётун алып келген.

- Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда оппозициялык фракциялар анын отчётун канааттандыраарлык эмес дешкен. Жыйынтыгында мурунку премьерге ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Ошентип өкмөт парламенттин алдында отчёт бербестен кеткен эле. Эми болсо азыркы премьер Исаковдун 2017-жылкы отчётун алып келди. Канааттандыраарлык эмес деп табыш керек эле, тилекке каршы тескерисинче болуп калды. Бул коомчулукта ишенбөөчүлүктү пайда кылды.

Ошону менен бирге депутат ал отчётту канааттандыраарлык эмес деп тапкандан өкмөт отставкага кетпейт эле деп ишенет.

- Премьер-министр Абылгазиев мурунку өкмөттүн артыкчылыгы менен кемчилигине жооп бербейт, - деп белгиледи эл өкүлү. - Бул болгону өткөндөгү оппозициялык фракциялардын чечимин аныктоо болмок.

Мындан мурдараак Исхак Масалиев да 2017-жыл үчүн өкмөттүн отчётун канааттандыраарлык эмес деп табууну айткандыгын эскерте кетели.

- Бул премьер-министрдин өкмөттүн былтыркы жыл үчүн отчёту. Эгерде тагыраак айтсак , Исаковдуку, - деп белгиледи Исхак Апсаматович. - Мен аны канааттандыраарлык эмес деп табууну сунуштайм.  Кыргызстандын тышкы карызы өсүп жатат, андан башка да чала иштер толтура. Эртең элдер бизди күнөөлөшөт, ал эми премьер менен президент жакшы адам болуп кала беришет.
Жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев берген  өкмөттүн 2017-жылкы отчётун канааттандыраарлык деп табышты. «Макул» 96 депутат, «каршы» 5 депутат.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх