Тергөө абагында отурган Айбек Калиев ден соолугуна нааразы
Жактоочунун сөзү боюнча, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы аябай арыктаган жана медициналык жардамга муктаж
Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев медициналык жардамга муктаж. Бул туурасында Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Бакыт Жумашев билдирди.
Анын айтымында, ал мурун эркиндикте жүргөндо тийешелүү медициналык дарылоо албагандыктан абдан арыктаган.
- Эсиңиздердеби, аны кармап , тергөө абагына дээрлик ооруканадан алып кетишкен. Азыр ага оор болуп жатат. Анын бөйрөктөрү ооруйт жана ашказанында да маселе бар. Корутунду чыкканча менин коргогон адамым өзү деле арыкчырай неме болчу, анысайын аябай арыктады. Биз аны медсанбөлүккө которуу үчүн медициналык изилдөөнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз, - дейт юрист.
«Улуттук энергетикалык холдингтик компаниянын» мурунку башчысын коррупция боюнча официалдуу айыптап жана баш коргоо чарасы камакка алуу менен көрүлгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.
Алтынай Темирова
Фото www