Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимовдун жактоочусу анын кайда экендигин билбейт

Ал арада Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары ММК га өзунүн кымыз ичип жана эс алып жаткандыгын билдирди

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская Vesti.kg сайтына өзүнүн коргогон адамынын кайда экендигин билбегендигин айтты.

Ал эмгек өргүүсүндө экендигин жана мындай маалыматка ээ эмес экендигин айтты.

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу белгилүү саясат талдоочу Дмитрий Орлов «олуттуу кишилердин» билдиришинче Матраимов өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген болчу.

Райымбек Матраимовдун бир тууганы депутат Искендер Матраимовго комментарий үчүн кайрылганыбызда, ал бул маалыматты четке какты. Ал Райымбек Кыргызстанда деди.

Андан сырткары, govori.tv басылмасы Райымбек Матраимов менен байланышканда, ал Суусамырда кымыз ичип, дарыланып жаткандыгын айткан.

- Мен кайда качам. Мен кача тургандардан эмесмин. Азыр, мына Суусамырда кымыз ичип дарыланып атам. Ким ишенбесе келип мейман болуп, текшерип кетсин,- деди Райымбек Матраимов прессага.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх