Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясына жаңы депутат келет

БШК Мамлекеттик миграция кызматын  жетектеген Болотбек Ибраимжановдун  мандатын тизмеде турган кийинки талапкерге өткөрүп берүүнү көздөп турат

Бүгүн «Республика - Ата Журт» фракциясына жаңы депутат келет. БШК талапкерликке тизме боюнча кезекте турган талапкерге  Болотбек Ибраимжановдун мандатын өткөрүп берүүнү көздөйт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

- Ибраимжановдун ордун Тариель Жоробеков ээлейт. Мурун ал Талас облусунда айылдык кеңештин башчысы болгон. Биз зарыл болгон текшерүүлөрдү жүргүздүк, бүгүн ага мандатты өткөрүп берет, - деди Абдыжапар Гапырович.  


14-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Болотбек Ибраимжановду Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы кылып дайындагандыгын эсиңиздерге салабыз.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх